Новости

“Алиппе “китеби баланын сабатын ачуу , окууга жана жазууга үйрөтүүчү баштапкы окуу предмети. Баланын эң алгачкы, эң кичинекей энциклопедиясы болгон бул китеп менен коштошуу майрамы Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектебинин 1-класснын класс жетекчиси Назаркулова Лариза Каныбековна тарабынан даярдалып, “Кош Алиппе “ деген темада болуп өттү. Анда окуучулар “Алиппе “ китебинен алган […]
10.05.2023 92
Бүгүн Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк ЖББОМде жакшы саамалык болуп өттү. Улуу Жеңишке быйыл 78 жыл толуп олтурат.  Сиздерди 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайбыз! 9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет. Согушта эрдик көрсөтүп, […]
09.05.2023 73
Орус тили жана адабияты предметинин жумалыгы февраль айынын 13 нон 24 чейин болуп өттү. Жумлыкта бир канча иш- чаралар, ачык сабактар, сүрөт бурчтары жана предметтик кечелер уюштурулуп, окуучулар кызыгуу менен катышып, жыйынтыгында грамоталар менен сыйланышты.
29.03.2023 83
Бул күн заманыбыздын залкары, жаңыча көз караштагы, багыттагы адабий чыгармалары менен улуттук адабиятка кайталангыс бурулуш жасаган, кыргыз атын өз чыгармалары менен бүт дүйнөгө тааныткан улуу инсан, Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана муну менен катар, оозеки чыгармачылык менен профессионал адабияттын ортосунда арасат калган кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, чыныгы […]
21.12.2022 109
Балдардын математикалык сабаттуулугун жогорулатуу максатында «Окуу керемет»  долбоорунун негизинде 4- класстын окуучулары ата- энелери менен биргеликте «Фин — чилистен» конкурсуна катышышты. Конкурс жогорку деңгээлде өтүп, окуучулар да ата — энелер да кызыгуу менен баардык тапшырмаларды аткарып жатышты. Конкурсту башталгыч класстын мугалими Заида Таштанбековна уюштурду.
21.12.2022 126
Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк ЖББОМ  «Күч бирдикте» акциянын негизинде «Үй бүлөдөгү зордук зомбулук, эрте никеге туруу» деген темаларда 9-10-11-класстын окуучулары менен тарбиялык иштер боюнча завуч Залина Каналбековна талкуу сабак өттү. Сабакта окуучулар арасында талаш-тартыш, кызуу талкуулар, жаралды. Окуучулар үй бүлөдөгү балдарга болгон мээримсиздик, көңүл бурбоо, кайдыгерлик, ашапке эркеликтин тийгизген таасирлеринен суицид келип чыгаарын айтышты. Эрте […]
10.12.2022 116
2022-жылдын декабрь айынын башында жалпы билим берүү мекемелеринин арасында райондук денгээлдеги «Тогуз коргоол» оюну балдар жана кыздар арасында Кайынды №3 орто мектебинде болуп өттү. Максаты: окуучуларды спортко болгон кызыгуусун арттыруу, тогуз коргоол оюнун жайылтуу, күчтүү команданы аныктоо. Мелдеш саат 09:30 Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, усулчу Баяз Мойдунович окуучуларга жана мугалимдерге мелдештин максаттарын айтып, катышуучуларга […]
09.12.2022 89
География сабагынын декадасы 2022 жылдын  14 –ноябрынан  25 –ноябрына   чейин болуп өттү. Декаданын өткөрүүнүн максаты окуучуларды предметке болгон кызыгуусун арттырып, класстан тышкаркы иштер аркылуу кошумча билимдерди  берүү жана кругозорун өстүрүү болуп эсептелет. Анда “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук”  жылына карата  дубал газеталар илинип, 5-11-класстар жакташты. Мындан тышкары планда географиялык сан диктанты,  викториналык оюн, география […]
09.12.2022 116
Мамлекетибизде улутубуздун улуу инсандары: манасчы Жаңыбай Кожек уулунун 159 жылдыгы,  эрдиги алтын тамгалар менен жазылган баатыр Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы жана  мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салымын кошкон мамлекеттик кызматкер Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Жогоруда айтылган улуу даталарга байланыштуу мектеп ичинде класс жетекчилер тарабынан класстык сааттар дайындалып, улуу инсандар, алардын эл үчүн жасаган эмгектери, эрдиктери жөнүндө […]
09.12.2022 85
Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектебинин 7- классынын окуучулары мугалимдери менен биргеликте тарых музейине барып, экскурсия жүргүзүп келишти. Экскурсиянын максаты: окуучуларды тарыхын билүүгө чакыруу жана баалуулуктарды баалай билүүгө үндөө.
03.12.2022 83
Бүгүн Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектебинде география мугалими Айзада Турдубековна 7- классына «Австралия материги» темасында абдан кызыктуу ачык сабак өттү. Сабакта, сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары колдонулуп, окуучулар Австралия материги боюнча кенен маалымат алышты. Сабак көрсөтмөлүү, окуучуларга теманы бышыктоодо карта менен иштөө көнүгүүлөрү берилди. Кайтарым байланыш жүргүзүлүп, максатына жетти.
03.12.2022 69
Жыл сайын 1- декабрда дүйнө жүзүндө жугуштуу жана коом үчүн коркунучтуу оору СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнү. Биздин мектепте бул күнгө карата «Дени сак жашоо» акция менен коштолгон линейка өттү. Ошондой эле «Оорудан сактануу» аттуу окуучулардын аткаруусунда сценарийлештирилген  чакан ролик көрсөтүлдү.
01.12.2022 72
1 / 512345