«Тогуз коргоол» оюну
2022-жылдын декабрь айынын башында жалпы билим берүү мекемелеринин арасында райондук денгээлдеги «Тогуз коргоол» оюну балдар жана кыздар арасында Кайынды №3 орто мектебинде болуп өттү.
Максаты: окуучуларды спортко болгон кызыгуусун арттыруу, тогуз коргоол оюнун жайылтуу, күчтүү команданы аныктоо.
Мелдеш саат 09:30 Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, усулчу Баяз Мойдунович окуучуларга жана мугалимдерге мелдештин максаттарын айтып, катышуучуларга ийгилик каалады.
Башкы калыс Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектебинин дене тарбия мугалими Совет Оморович оюндун шарттарын окуучуларга түшүндүрдү.
Балдар арасында:
I орунду Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектебинин 11- классынын окуучусу Шаршенбиев Адилет;
Кыздар арасында:
I орунду Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектебинин 11- классынын окуучусу Мирланова Аида ээледи.
Азаматсынар! Сыймыктанабыз!
Комментарии