Мектептин окуучуларынын кеңеши

«МАНАС» жаштар  уюмунун  өзү-өзү башкаруу  тарыхы.

Манас  жаштар өзүн-өзү  башкаруу уюму 1998-жылы  28-ноябрда түзүлгөн. Уюмдун  девизи «Жакшы окуп  жүрүшүм, мекенге  кошкон  үлүшүм». Уюмдун чакырыгы : «Экологиялык  проблемаларды  чечүү». Ага  парламенттин   мүчөлөрү  тарабынан  «Манас  жаштар уюму» деген  ат  берилип  уюм  ушул  күнгө  чейин  иш  жүргүзүлүп келет. Уюмга  кирген  окуучулар  төмөндөгүдөй  үч  топко  бөлүнгөн.

1. «СЕЙТЕК»   1-4-класстар

2.»СЕМЕТЕЙ   5-8-класстар

3.»МАНАС»   9-11-класстар

Уюмдун  мүчөлөрү  тарабынан  уюмдун  ыры  «Манеас» деген  ат менен  кабыл  алынып  жана  анын  эмблемасы  кабыл алынган.

Бул  уюм уюшулган  күндөн баштап  өз адынча  бир  жылга  өзүнчө  иш план  кабыл алынып, иш  жүргүзүлүп келет. Мында  жыл башында  президентти  шайлашат  жана  жогорку  ласстын  окуучуларынан  турган  министрлердин курамы  түзүлөт. Ар  бир министрлер  өз курамын  түзүп,  аларга  жылдык  иш план  кабыл алып  иш  жүргүзүшөт.  Аткарылган  иштер  мектептин  залына  чыгарылган  дубал газетага  чагылдырылып  турат  жана  ар  бир  жуманын  биринчи  күнүндө  өтүп  туруучу  окуучулардын  линейкасында  айтылып  талкууланат. уюмдун  мүчөлүрү  жогорку  жактан  кеклген  ар  бир  иш -чарага  катышып, активдүүлүгүн  көрсөтөп турат.Уюм  өзү уюшулган  күндөн  бери мектеп  окуучулары  менен  бирдикте  иш алып  барышат.  Даталуу  күндөрдө мектеп  окуучуклары  менен биридикте  иш алып  барышат. Айлана-тегеректи  тазалап  жашылдандырууда  да  өз  активдүүлүгүн   көрсөтүшөт.

ӨЗҮН-ӨЗҮ БАШКАРУУНУН  ПЛАНЫ:

  1. Өзүн-өзү башкаруунун  системасын түзүү.
  2. Класстык чогулуш  өтүү.
  3. Класстын  тазалыгын  текшерүү.
  4. Китептерге, окуучулардын  формасына  көзөмөл  жүргүзүү.
  5. Тарбиялоонуну  концепсиясынынын  багыттарынын  негизинде  тарбиялык  иштерди  жүргүзүү.
  6. Даталуу күндөргө  карата концерт  даярдоо
  7. Мектеп, райондук, обласстыык  кароо  сынактарга  катышып туруу
  8. Бүтүрүү  жана  көчүрүү  экзамендерин  берүү
  9. Каникул  мезгилинде  кружокторго  активдүү  катышуу.

«МАНАС »  жаштар уюмунун  өзү-өзү  башкаруу  уюмдун  укуктары.

  1. Мектептин  парламентинин  ишине  катышууга
  2. Эстетикалык, техникалык, спорттук  кружокторду  тандоо
  3. Жеке ойлорун, пикирлерин  эркин  айтууга, маалымдуулук  эркини.
  4. Коомдук  уюмдарга  өз ыктыярыны менен  мүчө болууга
  5. Жеке  намысын  коргоого
  6. Коомдук  иш-чараларга  активдүү катышууга
  7. Предметтик  олимпиадаларга  катышууга
  8. Конкурстарга катышууга
  9. Ар түрдүү спорттук  мелдештерди  уюштурууга

 Мектепте ар бир баланын коомдошуусун камсыз кылган ѳз алдынча башкаруу системасы иштейт. Окуучулардын мектептик Кеңешине 8-11-класстын окуучулары кирет. Окуучулардын Кеңеши чыгармачылык иштердин демилгечиси болуп эсептелет жана класстык окуучулук Кеңештердин иштерин багыттайт.

Мектептик ѳз алдынча башкаруу – ар бир окуучу ѳзүнүн орунун аныктай ала турган, ѳзүнүн мүмкүнчүлүктѳрүн жана шыктарын кѳрсѳтүп колдоно ала турган бирдиктүү жана ѳз алдынча жашоонун ѳтүшүнүн режими. Балдардын коллективинин активдүүлүгүнүн ѳсүшү үчүн чоңдордун жана балдардын ѳз ара мамилелеринин стили чечүүчү ролду ойнойт. Бул жерде балдардын күчүнѳ ишенүү, алардын демилгелерин, ѳз алдынча ишмердүүлүгүн максималдуу колдонууга жана ѳнүктүрүүгѳ умтулуу, коллективдин жашоосундагы бардык маселелерди чечүүдѳгү алардын ѳз алдынчалуулугун тарбиялоо.

Окуучулардын ѳз алдынча башкаруусу балдардын жана педагогдордун ѳз ара байланышын сѳзсүз түрдѳ талап кылат.  Балдар чоңдордүн жардамына муктаж, ѳзгѳчѳ эгерде аларда ѳз ара мамилелердин кѳйгѳйлѳрү болсо. Психологиялык билимдерге ээ жана педагогикалык тажрыйбага ээ педагог ѳз убагында коллективдеги конфликти алдын ала токтото алат, баланын ишмердүүлүгүн туура жакка багыттап, балага кѳйгѳйлѳрүн чечүүдѳ, ѳзүнүн ордун бекемдѳѳдѳ  жардам бере алат. Бала үчүн жумушту жасабай жардам гана берет, болбосо балдар ѳзүнүн кызматына формалдуу мамиле жасап калышат. Балдар иш жүзүндѳ  жумуштун белгилүү бѳлүктѳрүндѳр уюштуруучу болушу үчүн аларга жѳн гана укукту берип коюу жетишсиз, аларды ѳздѳрүнүн милдеттерин аткарууга жана ѳзүнүн укуктары менен колдонууга үйрѳтүү зарыл. Ата-энелер комитети тарабынан дагы колдоо кѳрсѳтүлѳт жана ар кандай жардам берилет. Мектепте аталардын Кеңеши түзүлгѳн.