«Күч бирдикте» акциясы
Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк ЖББОМ «Күч бирдикте» акциянын негизинде «Үй бүлөдөгү зордук зомбулук, эрте никеге туруу» деген темаларда 9-10-11-класстын окуучулары менен тарбиялык иштер боюнча завуч Залина Каналбековна талкуу сабак өттү. Сабакта окуучулар арасында талаш-тартыш, кызуу талкуулар, жаралды. Окуучулар үй бүлөдөгү балдарга болгон мээримсиздик, көңүл бурбоо, кайдыгерлик, ашапке эркеликтин тийгизген таасирлеринен суицид келип чыгаарын айтышты. Эрте никеге турууда түшүнбөстүктөн үй бүлөнүн бузулушу, балдардын толук кандуу үй бүлөдө тарбияланбай калуу себептерин санап беришти. Жыйынтыгында окуучулар мектепти толук аяктап, билимди андан ары улантып, кесип ээлери болуу керектигин айтышты.
Комментарии