Алиппе майрамы
“Алиппе “китеби баланын сабатын ачуу , окууга жана жазууга үйрөтүүчү баштапкы окуу предмети.
Баланын эң алгачкы, эң кичинекей энциклопедиясы болгон бул китеп менен коштошуу майрамы Камчыбек Ибраималиев атындагы Күрпүлдөк жалпы билим берүү орто мектебинин 1-класснын класс жетекчиси Назаркулова Лариза Каныбековна тарабынан даярдалып, “Кош Алиппе “ деген темада болуп өттү. Анда окуучулар “Алиппе “ китебинен алган билимдерин, түшүнүктөрүн жогорку денгээлде көрсөтүп беришти. Ырларды, бийлерди бийлешип, Манас айтып, комуз чертишип чыгармачылыктарын көрсөтө алышты. Окуучулар 1-класстын бүтүрүүчүсү деген дипломдор менен сыйланышып, ата энелер өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Комментарии