География предметинин декадасы
География сабагынын декадасы 2022 жылдын 14 –ноябрынан 25 –ноябрына чейин болуп өттү.
Декаданын өткөрүүнүн максаты окуучуларды предметке болгон кызыгуусун арттырып, класстан тышкаркы иштер аркылуу кошумча билимдерди берүү жана кругозорун өстүрүү болуп эсептелет.
Анда “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылына карата дубал газеталар илинип, 5-11-класстар жакташты. Мындан тышкары планда географиялык сан диктанты, викториналык оюн, география боюнча чыгармачылык иштердин көргөзмөсү уюштурулду, мында 6-11-класстар кроссворддорду, сүрөттөрдү жана карталарды көргөзүштү.Кыргызстандын картасын билесиңби сынагы болуп ага 7-8-9-кл активдүү катышышты. Кыргызстандын картасын кагаз бетине чыгармачылык менен тушүрүүдө 10-класс,5- 6-7-класстар мыкты деңгээлде аткарышкан.
Мектептин фоесиндеги тактада географиялык маалыматтар сүрөттөр жана география боюнча суроолор илинип окуучулар белгилешти.
7-8-класстар арасынан тандалган 8 окуучу “Акыл ордо” конкурсуна катышты. Максаты окуучулардын интеллектин текшерүү жана билимин тереңдетип өстүрүү. Конкурс I,II,III тур менен өтүлүп жеңүүчү 7-класстын окуучусу Кадырбеков Илгиз аталды жана грамота менен сыйланды.
9-10-11-класстардын арасында “Географиялык эрудит” оюну болуп өттү. Максаты окуучулардын интеллектуалдык денгээлин жогорулатуу. Анда кызыктуу тапшырмалар түзүлүп, программанын негизинде тапшырмалар аткарылып активдүү катышып жатышты. 10 -класстын окуучулары грамота менен сыйланды.
География сабагынан 7 -класска “Австралия материги” деген темада ачык сабак өтүлдү.
Предметтик декада жалпы катышкан окуучуларга ийгилик каалоо менен жыйынтыкталды.
Комментарии