1979-жылдан 1989-жылга чейин мурунку СССР менен Ооганстан өлкөлөрүнүн ортосунда болгон согуш канчалаган адамдардын өмүрүн кыйды. Күрпүлдөк айылынан Ооган жергесине барып согуш талаасында кандуу кармашка катышып келген аталарыбыз менен мектеп ичиндке ар жыл сайын жолугушуу иш-чаралары өткөрүлүп келет. Быйыл дагы ооганчылар менен жолугушуу , ошону менен катар курман болгондорду эскерүү кечеси уюштурулуп, Осмонкулова Б.А. тарабынан кече уюштурулуп ардагерлер чакырылды. . Жолугушууга конок катары Качкынбаев.Ч, Сыдыгалиев Ш, Сыдыков А, агаларыбыз келип окуучулардын куттуктоолору менен 9-класстын чакан концерттик программасына күбө болушту.
Комментарии