Мамлекеттик тил күнүнө 32 жыл
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил куну. Мындан 32 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жонундо» мыйзамын кабыл алып,андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып,анда кыргыз тили мамлекеттик тил ,ал эми орус тили расмий тили деп жарыяланган.
Мына ошол кундон бери,23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.Бул куну билим берүү мекемелеринде кыргыз тил боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп,концерттик программалар менен коштолот.Ушул майрамды утурлай,мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп,кыргыз тилин өнүктүрүп,үйрөтү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик тилде жана расмий тилдерде жарыяланылат.Иш кагаздары ,сот иштери мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт
Комментарии